Индияда адамдар пилдерден өч ала башташты

Индиянын Жарграм колониясында адамдар менен пилдердин ортосунда олуттуу жаңжал чыкты. Карыган жергиликтүү тургун пилдин кол салышынан каза болгондон кийин айылдаштары өч ала башташты. Адамдын аракетинен бир пил өлдү, дагы алтоо оор жаракат алганы маалымдалууда.

The Independent басылмасынын жазганына караганда, айыл тургундары жаныбарларды күйүп жаткан найза менен сайып, темир тор ыргыта башташкан. Жабыркаган пилдердин бири сегиз саат кыйналып өлгөн. 

Маалым болгондой, полиция иликтөө жүргүзүп, пилдерге кол салган Жарграм шаарынын тургундарын издеп жатат. Алардын айтымында, кол салууга кеминде 35 киши катышкан.

Пилдерге кол салууга байланыштуу кырдаал жаратылышты коргоочуларды өзгөчө нааразы кылды. Алардын ою боюнча, жакын салынган үйлөр жаныбарларга жашаганга жер калтырбай, адамдар менен беттешүүгө туура келтирип жатат.