Индияда жарганаттан адамга жуга турган коркунучтуу дагы бир вирус аныкталды

Индияда эң коркунучтуу вирустардын бири Нипах аныкталды. Улуттук вирусология институтунун окумуштуулары билдиргендей, ал өтө жугуштуу, аны айыктыруучу дары жана вакцина жок, өлүмдүн көрсөткүчү 40-75 пайызга чейин жетет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Адистердин айтымында, вирус Махараштра штатындагы жарганаттардан табылган. Көбүнчө ал түлкү менен жарганатта кездешет жана ооруган жаныбардын шилекейи менен мөмө-жемиштер аркылуу адамдарга жугат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Нипахты дүйнөдөгү эң кооптуу деп келет. Ал алгач 2001 жана 2007-жылдары Индиянын чыгышында жайгашкан Батыш Бенгалияда катталган, кийин 2018 жана 2019-жылдары Индиянын түштүк-батышындагы Керала шаарында катталган.