Индияда 400 миллион киши катышкан фестивалда бамбук сахнасы кыйрап түшүп 6 киши каза болуп, 50дөй адам жаракат алды.
Сахна храмдардын биринин жанына орнотулган. Жүздөгөн киши бир учурда чыккандан улам сахна кулап түшкөн. Жабыркагандардын арасында милиция кызматкерлери бар. Уттар-Прадештин башкы министри Йоги Адитьонаттын тапшырмасы менен окуянын жагдайларын текшерүү жүрүп жатат. Жабыркагандар жергиликтүү медициналык мекемелерге жеткирилди. Айрымдарына жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.
12 жылда бир өткөрүлгөн «Маха Кумбха Мела» фестивалына 400 миллиондон ашык адам келиши күтүлүп жаткан. Бул майрам учурунда динчилдер денесин да, жан дүйнөсүн да тазалап жуунса, кайра төрөлүүнүн чексиз циклинен чыгууга болот деп ишенишет.
Уральск Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Instagram аккаунтунда адаттан тыш видео пайда болду. Өрт өчүрүүчү Жан-Клод Ван Даммдын атактуу трюкун кайталоону чечкен. ...
Кытайда электромотоцикл менен дубалды сүзгөн эки өспүрүм көз жумду. Маалыматка караганда, алар электромотоцикл окуя болгонго чейин бир күн мурда сатып...