Индиянын Бихар штатында бир жаштагы бала оюнчук деп ойлоп, 70 сантиметрлик кобраны тиштеп, өлтүргөнүн Hindustan Times гезити дарыгерлерге таянуу менен жазып чыкты.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, кобра балага өтө жакын келип, баланын көңүлүн бурган болушу мүмкүн, ал аны кармап тиштеп алган. Жергиликтүүлөр бала колуна тийгенин оозуна салып жаткан учур болгондуктан муну кадимки рефлекс экенин айтышты.
Баланын чоң апасы өлгөн кобра жерде жатканын жана бала да эсин жоготконун айтты. Ал кошумчалагандай, бала көзөмөлгө алынып, жыландан уулануу белгилери байкалган эмес.










