Индияда бир суткада 184 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталса, 1027 адам көз жумду

Өткөн суткада Индияда 184 миң 372 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки дүйнө жүзүндөгү рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Буга чейин бир дагы өлкөдө бир суткада мынчалык адамдан COVID-19 тастыкталган эмес. Ошондой эле соңку 24 саатта өлкөдө коронавирус жуктурган 1027 киши көз жумду.

Акыркы күндөрү Индияда коронавирус жуктурган адамдардын саны өсүүдө. Жонс Хопкинс университетинин маалыматына караганда, аталган өлкөдө жалпы 13,8 миллион адамдан COVID-19 аныкталды. Алардын ичинен 172 миң адам каза болгон.