Индияда чагылган түшүп, селфиге түшүп жаткан 11 адам каза болду

10-июлда Индиянын түндүгүндөгү Жайпурда чагылган түшүп, 11 адам каза болду. Көбү жаракат алышты. Бул тууралуу Би-Би-Си жазып чыкты.

Жабыркагандар 12-кылымдагы Амер фортунда туристтер көп барган жердин күзөт мунарасынын үстүндө жамгыр астында селфиге түшүшкөн. Окуя болгон кезде мунарада жана чептин дубалында 27 адам болгон жана алардын айрымдары жерге секиришкени кабарланган. Чагылгандан жыл сайын орто эсеп менен 2 миңге жакын индиялык көз жумат.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча каза болгондордун көбү жаштар.