Индияда чагылгандын кесепетинен каза болгондордун саны 38ге жетти

Полиция кызматкерлери өлкөнүн Ражастан жана Уттар-Прадеш штаттарында күн күркүрөп, чагылган түшкөндүктөн 38 адам каза болгонун маалымдашты.

Маалымат боюнча, Ражастан штатындагы Эмбер Фортуна жакын жерде сүрөткө түшүп жатканда 11 адам чагылган түшүп каза болгон. Ошондой эле, аталган аймакта чагылгандын кесепетинен провинцияда дагы 9 адам каза болуп, 20 адам жаракат алган. Муссон жамгыры жаап, чагылган түшкөн Уттар-Прадеш штатында 18 адам каза болду.