Индияда COVID-19 илдетинин айынан түрмөдөгүлөр темир тордун артында калууну чечишти

Индиянын Уттар-Прадеш штатында түрмөдөгү адамдар эркиндикке чыгуудан баш тартышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Камакта отурган жарандар мөөнөтүнөн эрте эркиндикке чыгарылып жатканына карабастан, өкмөткө кайрылуу кат жазган. Анда вирус күчөп жаткан учурда темир тор артында олтуруу бир топ коопсуз экенин билдиришкен.

Индияда коронавирус болуп көрбөгөндөй бат жайылууда. Буга чейин илдеттен көз жумгандарды өрттөөгө жетишпей, сөөктөрдү сууга ыргытышканы боюнча да маалымат тараган. Буга чейин 28 миллиондон ашуун индиялыктар вирус жуктуруп, бир суткада 3 миңдей киши каза болууда.