Индияда диний жөрөлгө учурунда суу каптап, 7 адамдын өмүрүн алды (видео)

Индиянын Түндүк Бенгалия штатындагы Жалпайгури шаарында диний жөрөлгө учурунда суу адамдарды агызып кетти.

Селден кеминде 7 адам каза болгон. Куткаруу иштери уланууда. Маалыматтарга караганда, Мал дарыясы жээгинен ашып кеткен.