21-мартта чакан сыноочу поезд темир жол линиясында дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсүнөн ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Daily Excelsior басылмасы жазып чыкты.
Учурда темир жолдун курулушу жүрүп жатат жана ушул жылдын март айынын аягына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө. Сыноо учурунда колдонулган поезддер көпүрөнү сыноо үчүн дагы эки жыл трассада колдонулат.
Ченаб көпүрөсү Джамму жана Кашмирдин Риаси районундагы Баккал менен Каури шаарларынын ортосунда дарыянын жээгинен 359 метр бийиктикте жайгашкан, бул дүйнөдөгү эң бийик темир жол көпүрөсү.
Маалыматтарга караганда, Ченаб көпүрөсүн курууда 300гө жакын инженер жана 1300 жумушчу күнү-түнү иштеген. Ал акыркы үч жылдын ичинде курулган. Ал чоң жүккө ылайыкталган, ошондой эле көпүрө 8 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат.
АКШ бийлиги грин-карт программасын токтотот. Буга Браун университетинде ок чыгарууга шектелип жаткан адамдын өлкөгө дал ушул программа аркылуу киргени себеп...
Японияда 32 жаштагы Кано ChatGPT аркылуу түзүлгөн ИИ-персонаж менен никеге туруу аземин өткөрдү. Канонун айтымында, Клаус аттуу виртуалдык маектеш менен...
Тажикстанда Москва облусундагы мектепке жасалган кол салуунун кесепетинен каза болгон 10 жаштагы Кобилджон Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат....
Мехиконун конгрессинин жыйыны учурунда бийликтеги Morena менен оппозициядагы PAN фракциясынын өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал чыкты. Окуядан улам депутаттардын жыйыны жана анын...
16-декабрь күнү эртең менен Москва облусунун Одинцово районундагы мектептердин биринде окуучу мектепке куралдуу кол салган. Ал имараттын ичинде жаш агызуучу...