Индияда эже-сиңди адашып бири-биринин жигитине турмушка чыгышты

Индияда жарыктын өчүшү менен кызыктуу окуя катталды. Турмушка чыгып жаткан эже-сиңди бири-биринин жигиттерине турмушка чыгып алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Индиянын Мадхья-Прадеш штатында үйлөнүү-үлпөт салтанатында капыстан жарык өчүп калып, дин кызматкери түгөйлөрдү адаштырып баш коштуруп койгон. Эже-сиңдилердин атасы Рамеш Лал эки кызынын тең кызыл көйнөк кийип, беттери жабык болгондуктан адашып алышканын айткан. Албетте, жарык күйгөндө бул катачылык түзөтүлгөн.