Индияда эки баш, үч колдуу ымыркай төрөлдү

Индиянын Одиша штатында эки баш, үч колдуу ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү «Одиша» телеканалы билдирди.

Сиам эгиздеринде бир денеде үч кол жана эки бут бар. Ымыркай эки ооз менен тамактанып, эки мурун менен дем алат.

Ымыркай кесарево жолу менен төрөлгөн. Ал Каттактагы Сардар Валлабхай Пател атындагы Педиатрия институтуна атайын дарылануу үчүн которулган.