Индияда эки баштуу жылан видеого түшүп калган

Эки баштуу жылан тартылган видеону Jam Press жарыялады. Маалыматка караганда, Деоли айылындагы Балажи храмынын жанынан узундугу 18 сантиметрдей болгон адаттан тыш жылан табылган.

Адистер жыландын жашы болжолдуу алты ай дешип, жыландын бул түрү аймакта биринчи жолу кездешип жатканын айтышкан. 

Эки баштуу жылан учурда жергиликтүү жаратылышты коргоо агенттигинде багылып жатат. Мындай өнүгүү аномалиялары бар жыландар көп жашабай турганы белгиленет. Баштар тамак үчүн бири-бири менен күрөшөт, анткени тамак сиңирүү системасы бир экенин түшүнүшпөйт. Бир баш экинчисине караганда өнүккөн.