Индияда эки учкуч интернетке тараган сүрөттөн кийин жумуштан четтеди

SpiceJet авиакомпаниясынын эки учкучуна дисциплинардык чара көрүлдү. Мындай чечимге интернетке жарыяланган сүрөт себеп болгон. Алар кофе куюлган стаканды учактын учуруу рычагына коюшканын India Times басылмасы жазды.

Окуя 8-мартта Делиден Гувахати шаарына учуп бараткан учакта болгон. Учкучтар өзүлөрү ичип жаткан кофени сүрөткө тартып, соцтармакка жарыялашкан. Алар кофени учуруу рычагына коюп коюшкан. Индиянын жарандык авиация башкармалыгы жоопкерчиликсиз экипаж мүчөлөрүн тез арада аныктоону жана аларга чара көрүүнү талап кылган. «Эртеси SpiceJet аларды таап, жумуштан четтеткен. Тергөө иштери аяктагандан кийин учкучтарга карата дисциплинардык чара көрүлөт», — деди SpiceJet өкүлү.

«Кофе учактын күйүүчү май рычагдарына борбордук консолдун ортосуна коюлган. Кофе төгүлүп кетсе, кыска туташуу жана өрт сигнализациясына алып келиши мүмкүн болчу. Кыскасы, панелдеги суюктуктар катастрофага алып келет. Алар кыска туташууга жана учакты башкарууну же диспетчер менен байланышты жоготууга алып келиши мүмкүн», — дешти алар.