Индияда жаракат алган маймыл ооруканага өзү кайрылган

Индияда жаракат алган маймыл ооруканага өзү кайрылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Индияда түшкө маал маймыл баласын көтөрүп дарыгерге келип, бейтаптар отурчу кушеткага отуруп алган. Врач алгач коркуп кеткени менен маймылдын мурдундагы жаракатты көрүп, өзүн колго алып, ага селеймеге (столбняк) каршы укол сайып, жаракатына мазь койгон. Процедура учурунда маймыл кушеткадан түшкөн эмес. Окуяга күбө болгондор маймылдын чыдап отуруп бергенине таң калышкан. Ал тууралуу маалымат бат эле шаар ичине тарап, маймыл чыкканча клиниканын сыртына эл чогулуп калган. Аягында дарыгер чогулган элди кубалап жатып пациентине жол ачтырып, узаткан.