Индияда жаран өч алуу үчүн мурдагы жубайынын көңүлдөшүнүн жубайына үйлөнүп алган

Индияда эркек өч алуу үчүн мурдагы жубайынын көңүлдөшүнүн жубайына үйлөнүп алган. Бул тууралуу Oddity Central жазды. 

Нариж менен Руби Деви 2009-жылы баш кошушкан. Үйлөнүү үлпөтүнөн бир нече жыл өткөндөн кийин ал киши жубайынын Мукеш аттуу сүйгөнү бар экенин билген. Индиялыктын үй-бүлөсүн сактап калуу аракетине карабастан, аялы көңүлдөшү менен качып кеткен. 

Нариж мурунку аялынан жана аны менен чогуу качып кеткен эркектен өч алууну чечкен. Ал Рубинин сүйгөнү үй-бүлөлүү экенин билип, аял менен таанышууну чечкен. Болгон окуяны айтып бергенден кийин индиялык ага турмушка чыгууну сунуштап, ал макул болгон. Кошумчалай кетсек, Деви жаңы жубайынын үч баласын багып алган, алар азыр чогуу тарбиялап жатышат.