Индияда жаран учуп бара жаткан учактын эшигин ачып, секирүүгө аракет кылды (видео)

Индиялык IndiGo авиакомпаниясынын жүргүнчүсү депрессиядан улам учуп бараткан учактын авариялык эшигин ачып, андан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу The New York Post басылмасы жазды. 

Басылманын маалыматына караганда, окуя Индияда Гувахатиден Агарталага учуп бараткан учакта болгон. Учуу учурунда 41 жаштагы Бисважит Дебнатх капыстан туруп, авариялык эшикти ачууга барган. Муну көргөн жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү аны токтотууга шашылышкан, бирок ал каршылык көрсөткөн. Жүргүнчүлөр стюардессаларга учак аман-эсен конгонго чейин аны кармап турууга жардам беришкен. Көздөгөн жерине жеткенде индиялык полиция тарабынан кармалган.

Дебнатх көптөн бери депрессия менен күрөшүп жүргөн. Ал азыр учактагы 180ден ашык жүргүнчүнү коркунучка алып, экипаж мүчөлөрүнө кол салган деп айыпталууда.