Индияда жашы жете элек кыздарга үйлөнгөн 2 миңден ашык эркек киши кармалды

Индиянын Ассам штатында полиция жашы жете элек кыздарга үйлөнгөн 2000ден ашуун эркекти камакка алды. Бул тууралуу Медуза басылмасы жазды. 

Жашы жете элек никеге каршы кампанияны штаттын башкы министри Химанта Бисва Сарма жарыялаган. Ал жергиликтүү бийликтин аймактагы бул көйгөйдү токтотууга бекем ниети бар экенин билдирген. Министр жашы жете элек кыздар менен нике кыйдырууну кечирилгис жана оор кылмыш деп атады.

Анын айтымында, эки күндүн ичинде 2200дөн ашык киши камакка алынды. Өз кезегинде штаттын полициясынын башчысы Гьянендра Пратап Сингх журналисттерге укук коргоо органдары жашы жете элек өспүрүмдөр менен никеге туруу боюнча төрт миңден ашык факты катталганын, алардын сегиз миңге жакыны айыпталуучулар экенин билдирди.

Ошол эле маалда телеканал колдорунда кичинекей балдары бар бир нече кыз-келиндердин күйөөлөрүнүн камалышына нааразы болуп жаткан кадрларды көрсөттү.