Индиянын Махараштра штатында жер көчкү жүрүп, 26 киши каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Табигый кырсык 21-июль, жумага караган түнү болгонуна карабастан, ондон ашык адам дагы ылайдын астында калууда. Бийлик издөө-куткаруу иштерин улантууда.
Жер көчкүнүн алдында калгандар 225тен кем эмес калкы бар тоолуу айылдын тургундары болгон. Ишембиде каза болгондордун саны 26га жетип, дагы 80и дайынсыз жоголгон.
Rescue teams resumed a search for possible survivors of a massive landslide in western India that killed 16 people and was suspected to have trapped more than a 100 https://t.co/srjmBLuaLJ pic.twitter.com/6OeuXmhGyS
— Reuters (@Reuters) July 21, 2023