Индияда жер көчкү 26 адамдын өмүрүн алды. 80 адам дайынсыз болуп жатат

Индиянын Махараштра штатында жер көчкү жүрүп, 26 киши каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Табигый кырсык 21-июль, жумага караган түнү болгонуна карабастан, ондон ашык адам дагы ылайдын астында калууда. Бийлик издөө-куткаруу иштерин улантууда.

Жер көчкүнүн алдында калгандар 225тен кем эмес калкы бар тоолуу айылдын тургундары болгон. Ишембиде каза болгондордун саны 26га жетип, дагы 80и дайынсыз жоголгон.