Индияда жигит жубайынын себине кондиционер кошулбаганын билген соң сабап салган

Индиянын Уттар-Прадеш штатында жигит сеп катары кондиционер албаганын билгенден кийин үйлөнүү тоюнда колуктусун уруп жиберген. Бул тууралуу Odisha TV жазды.

Үйлөнүү тою 11-майда болгон. Болочок жубайлар үйлөнүү үлпөтүнүн алкагында гүл гирляндаларын алмашышкан. Ошондон кийин жигит жубайынын ата-энеси жаңы үйлөнгөндөргө кондиционерди сеп катары бербегенин билип, ачуусу келген. Ачууланган жигит сүйүктүүсүн уруп жиберген кыз эс-учун жоготуп жыгылган.

Андан соң үй-бүлөлөрдүн ортосунда массалык мушташ чыгып, көптөгөн коноктор жабыркаган. Окуядан кийин тойду токтотушкан.