Индияда катуу шамалдан жарнамалык такта кулап, 8 киши каза болду

Индиянын Мумбаи шаарында катуу шамалдан жарнамалык такта кулап, 8 киши каза болду жана 60тай адам жаракат алды.

70 жана 50 метрлик көлөмдө болгон билборд кечээ, 13-майда нөшөрлөп жааган жаандан жана кум бороондон улам жанындагы имаратка, күйүүчү май куючу жайга жана ондогон унааларга кулап түшкөн. Конструкциянын астынан 67 кишини алып чыгышкан. Куткаруу иштери аба ырайынан улам да кыйынчылыктар менен коштолгон. Катуу шамалдан улам шаардагы бак-дарактар кулап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.