Индияда катуу ысыктан 98 киши каза болду

Индиянын түндүгүндө катуу ысыктан 98 киши каза болду, алардын баары Уттар-Прадеш жана Бихар штаттарында соңку үч күн ичинде катталды. Бул тууралуу India Today жазды.

Баллия округунда 15-17-июнь күндөр аралыгында 400 жабырлануучу ооруканага жаткырылып, анын 54ү каза болгон. Аталган округдагы саламаттыкты сактоо кызматынын башчысынын айтымында, бейтаптардын көбү 60 жаштан улуулар.