Индияда коронавирус күчөп, рекорддук саны катталды

Индияда коронавирус менен ооругандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бүгүн, 28-мартка карата сутка ичинде 62,7 миң бейтаптан коронавирус аныкталып, акыркы беш айдагы рекорддук көрсөткүч болду. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Өлкөдө COVID-19 менен ооруп жалпысынан 11,97 миллион адам катталган. Анын ичинен 11,32 миллиондон ашык адам ооруну жеңсе, 161 миңи коронавирустан набыт болгон. Учурда Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

Индияда вирусту эң көп жугузгандар Махараштра штатында. Анда акыркы суткада эле коронавирустун 35,7 миң жаңы жуктуруп алган киши катталган.