Индияда коронавирустан дарылануу үчүн уйдун кыгын колдонуп жатышат (сүрөт)

Индиянын штаттарында уйдун кыгын COVID-19 инфекциясын алдын алуу жана дарылоо тажрыйбасы катары колдонуу кеңири жайылууда. Бул тууралуу Reuters жазды.

Агенттиктин берген маалыматы боюнча, жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү коронавируска каршы иммунитетин көтөрүп же калыбына келүүсүнө жардам берет деген үмүт менен жумасына бир жолу денесин кык жана заара менен сүртүү үчүн уй багуучу жайларга барышат.

«Биз көрүп жатабыз. Бул жакка дарыгерлер да келип жатышат. Бул терапия алардын иммунитетин көтөрөт жана бейтаптарды ковидден дарылай алат деп эсептешет», — деди фармацевтикалык компаниянын кенже менеджери Гаутам Манилал Бориса.

Индуизмде уй жашоонун жана жердин ыйык символу болуп саналат жана индустар кылымдар бою уйдун кыгын үйлөрүн тазалоо жана сыйынуу жөрөлгөлөрү үчүн колдонуп келишкен. Аны айыктыруучу жана антисептикалык касиетке ээ деп эсептешкен.

Бирок Индиядагы жана дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер менен илимпоздор COVID-19 дарылоонун альтернативдүү жолун колдонбоону эскертип жатышат. Анткени кыктын натыйжалуулугу жөнүндө илимий далилдер жок. Индияда пандемия башталган бери 22 миллиондон ашык адамга илдет жуккан.