Индияда курулуп бүтө элек көпүрө экинчи жолу урады

Индиянын Бихар штатында 14 ай ичинде экинчи жолу Ганг дарыясы аркылуу курулуп бүтө элек транспорттук көпүрөнүн 200 метр бөлүгү урап түштү. Бул тууралуу Times of India билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, сууга таянычтарга орнотулган кеминде 30 плита түшүп кеткен. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Индиянын бийликтери күнөөлүүлөрдү иликтөөнү, аныктоону жана аларга каршы катуу чара көрүүнү тапшырды.

Көпүрөнүн бир бөлүгү биринчи жолу 2022-жылдын апрель айында кулаган. Узундугу 3,1 километр болгон көпүрөнүн курулушу 2014-жылы башталган. Иш 2019-жылы бүтөрү күтүлүүдө. Андан бери бул мөөнөт төрт жолу узартылды. Курулуштун баасы 17,1 миллиард рупийге (207 миллион доллар) бааланган.