Индияда курулуп жаткан көпүрө урап, 26 адам каза болду

Индиянын түндүк-чыгышында курулуп жаткан темир жол көпүрөсү урап, кеминде 26 адам каза болуп, дагы бир нечеси дайынсыз болууда. Жабыркагандардын саны такталууда.

Курулуш компаниясынын маалыматы боюнча, кырсык болгон учурда кулап түшкөн жерде 40ка жакын жумушчу болгон.

Көпүрөнүн урашынын себеби азырынча тактала элек. Окуя боюнча Мамлекеттик темир жол башкармалыгы иликтөө иштерин баштады. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин кеңсеси билдирүүсүндө: «Жабырлануучуларга бардык мүмкүн болгон жардам көрсөтүлүүдө. Өкмөт каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 200 000 рупий (2 400 доллар) төлөп берүүгө ниеттенүүдө», — дешти.