Индияда кыйраган жүргүнчү учагынын видеолору пайда болду. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроого Ахмедабаддан Лондонго учуп бараткан AirIndia компаниясына таандык Boeing 787 Dreamliner учагы туш болгон. Кырсык учак учкандан көп өтпөй болгон. Учакта 232 жүргүнчү жана 12 экипаж мүчөсү болушу мүмкүн экени айтылып жатат. ЖМКлар аман калгандар бар экенин жазышууда.