Индияда турмушка узап жаткан кыз той учурунда күйөө баланы капкара экен деп сындап тойду токтотуп койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индиянын Бхартана шаарында 7-июль күнү Ниета жана Рави Ядав аттуу түгөйлөрдүн үйлөнүү тою болмок. Болочок күйөө менен кыз моюнундагы оролгон гүлчамбарларын бири-бири менен алмашып бүтүп, салтка ылайык, 7 ирет отту айланышмак. Отту 2-ирет айланганда күтүүсүздөн Ниета тойду токтотууну суранган. Ал жанындагы адам мурун тааныштырган жигиттен башка экенин жана ал аябай капкара экендигин айткан. Жакындары кызды канчалык көндүрүүгө аракет кылышпасын, тойдун аягына чыкпай кетип калган. Кийинчерээк күйөөнүн атасы кыз тарапты полицияга берип, аларга белек катары берилген баалуу буюмдарды кайтарып берүүнү талап кылган.