Индияда майрам учурунда 46 адам сууга чөгүп каза болду

Индиянын чыгышында индустардын диний майрамын белгилеп жаткан 46 адам, анын ичинде 37 бала сууга чөгүп каза болгонун Би-Би-Си билдирди.

Бихар штатынын 15 районунда каза болгондор тастыкталды. Табигый кырсыктарды жоюу боюнча расмий өкүлдүн айтымында, адамдар селден улам көбөйүп кеткен дарыялар менен көлмөлөргө ырым-жырым кылып жаткан учурда каза болушкан. Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендиги белгиленүүдө.

Үч күндүк «Живитпутрика»  фестивалы жыл сайын өтөт. Майрамда энелер балдарынын жакшылыгын суранып, сууга түшүшөт.