Индияда мейманканада өрт чыгып, 14 адам каза болду

Индиянын Калькутта шаарында Rituraj мейманканасында чыккан өрттөн 14 адам каза болгонун NDTV билдирди.

Өрт кечээ, 29-апрель күнү кечинде шаардын борбордук бөлүгүндө болгон. «14 адамдын жансыз денеси табылып, бир нече адам куткарылды. Окуяны иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү», — деди полициянын басма сөз катчысы журналисттерге.

Өрттүн себеби азырынча аныктала элек.