Индияда миңдеген адамдарга вакцинанын ордуна туздуу суу сайылган

Индиядагы эмдөө кампаниясынын биринде миңдеген адамдарга коронавируска каршы вакцинанын ордуна туздуу суу берилгени белгилүү болду. Коронавирус эпидемиясы көп катталган өлкөлөрдүн бири Индияда жасалма вакцина колдонуусу социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты.

Мумбай полициясынын кызматкери Вишал Такурдун айтымында, шаарда ушундай жол менен эмдөөнүн кеминде 12 туру жүргүзүлгөн. Ал окуяга байланыштуу дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен кошо 14 адам кармалганын жана дагы изилденип жаткандыгын билдирди.

Уюштуруучулар бул иштен 28 миң долларга жакын киреше тапканы маалым болду.