Индиянын Уттар-Прадеш штатында үрөй учурган окуя катталганын басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, мектеп директору тарабынан мектептин гүлдөп-өсүүсү үчүн уюштурулган курмандык чалууда 2-класстын окуучусу каза болду.
Окуя 27-сентябрда DL Public School мектебинде болгон. Ырым-жырымга ишенген мектеп ээси Жасодхан Сингх мектеп директору болгон уулу Динеш Багелден билим берүү мекемесинин жана анын үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгын үчүн окуучусун курмандыкка чалууну суранган.
Полиция мектептин ээси жана директору менен кошо дагы үч адам, анын ичинде эки мугалим камакка алынганын билдирди. Алардын бардыгына киши өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылган.
Өлтүрүлгөн баланын аты Критарт экени айтылууда. Аны бир нече мугалимдер мектептин жатаканасынан алып чыгып, ырым кылчу жерге алып барышкан. Бала ойгонуп ыйлай баштаганда аны тез эле муунтуп өлтүрүп салышкан. Башка мугалимдер кылмыш болгон жерде күзөттө турушкан.
Каргашалуу окуядан кийин билим берүү мекемеси жабылып, тиешелүү органдар окуу жайдын уруксаатсыз иштеп жатканы боюнча иликтөө иштерин баштаган. Укук коргоо органдары ошондой эле мектептин аймагынан ритуалдык буюмдарды табышкан.
Маркум окуучунун атасынын айтымында, ага эртең менен эрте телефон чалышып, баласы өзүн жаман сезип жатканы кабарланган. Бирок кийинчерээк бала башка ооруканага жеткирилгенин айтып, шектенүүлөрдү жараткан. Акыры баласынын сөөгүн мектеп директорунун унаасынан тапкан.