Индияда жарганаттан жуккан вирус менен ооругандардын саны өсүүдө

Индиянын Керала штатында Нипах вирусун жуктургандардын саны өсүүдө. Өлүмгө алып келе турган оорунун дабасы жоктугун DailyMail басылмасы жазды.

Малыматка ылайык, Нипах вирусун беш адам жуктуруп, анын ичинен бир жаштагы бала каза болгон. Керала штатынын бийлиги мектептерди, кеңселерди жаап, көчөлөрдү антисептик менен дарылап жатышат. Тогуз айыл кооптуу аймак деп жарыяланды. Өлкө боюнча массалык тестирлөө жүрүп жатат.

Штаттын башкы министри Пинарай Важаяндын айтымында, вирус дээрлик 2 миллион адам жашаган Кожикоде шаарында аныкталган. Министр тургундарды коркпоого, этият болууга чакырды.

Нипах вирусу жарганаттардын эки түрүнөн жугат. Бул жаныбарлар менен түз байланышта болгон мөмө-жемиштерди жегенден жугушу мүмкүн. Вирус жуккан адам менен физикалык байланыш аркылуу да жугат. Инфекциянын биринчи белгилери баш оору, уйку келүү, айрым учурда мээнин сезгенүүсү байкалат. Азырынча бул вируска каршы вакцина жок. Вирус биринчи жолу 1999-жылы Малайзияда аныкталган, анда ал дээрлик 300 адамга жугуп, анын 100ү вирустан улам каза болгон.

Азыркы учурда инфекция жуккан жана каза болгондор менен байланышта болгон 700дөн ашуун адамды аныкташкан. Алардын 70тен ашыгы ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогору деп эсептелип, байланышта болгондор көзөмөлгө алынган.