Индиянын Одиша штатында поезддин кагылышынан каза болгондордун саны 288 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Буга чейин Indian Express 233 адам каза болуп, 900 адам жаракат алганын билдирген.
Поезддер 2-июнда Баласор шаарына жакын жерде кагылышкан. Темир жол жетекчилигинин жаңыланган маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен каршы жолго чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен дагы үч-төрт вагон рельстен чыккан.