Индияда сойкулук кесип катары таанылды

Индиянын Жогорку соту сойкулукту кесип катары таанып, интимдик кызмат көрсөткөндөр мыйзамдын чегинде намысын коргоого укуктуу экендигин билдирди.

«Сойкулук бул — кесип. Аталган кесиптин ээлери мыйзам чегинде өз укуктарын коргой алышат. Ансыз деле алар коомго жаман көрүндү болуп, оор жүктү көтөрүп жүрүшөт, полиция кызматкерлери аларга ырайымсыз мамиле кылышат. Эгер сойку жашы жетип өз каалоосу менен интимдик кызмат көрсөткөн болсо, полиция ага карата кылмыш ишин козгоого акысы жок», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Индияда сойкулук кызматы легалдаштырылган. Бирок жашы жете электерге сойкулук кылууга, сутенёрдукка жана сойкуканаларды ачууга мыйзам жол бербейт.