Индиянын Жамму жана Кашмирдин Киштвар районундагы кыштакты катуу жааган жамгырдын суусу каптап, 50 киши каза болуп, 100гө жакыны жаракат алды. Бул тууралуу The Indian Express жазды.
Маалыматка караганда, 50дөн ашуун адам дайынсыз болууда. Каза болгондордун көбү Чосити кыштагынан индустардын Мачаил Мата храмына бара жаткан зыяратчылар. Премьер-министр Нарендра Моди кырдаал тыкыр көзөмөлдө экенине ишендирди.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаан башталганда суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, бир нече секунданын ичинде элди сел агызып кеткен. Бийликтегилер каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп кооптонууда.