Индияда төрөлгөн төрт колдуу, төрт буттуу ымыркай 5 саат жашап, чарчап калды

Индияда эки бети, төрт буту жана төрт колу бар, бир адамдай туюлган сейрек кездешүүчү эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Маалыматта төрөт айылдык ооруканада болгону, эненин толгоосу башталгандан кийин шашылыш түрдө жеткирилгени айтылат. Ымыркайдын денеси да толук жетилген эмес, кошумча кол-буттар анын көкүрөгүнөн өсүп кеткен. Ымыркай төрөлгөндөн беш сааттан кийин чарчап калган.

Бул көрүнүш ата-энени таң калтырды, анткени аял кош бойлуу кезинде перинаталдык диагностикадан өткөн эмес. Бул үй-бүлө жашаган айыл жергесинде медициналык шарт болгон эмес. Төрөттүн өзү аял үчүн кыйынчылыксыз өткөн. Азырынча эмне себептен «өзгөчө» бала төрөлгөнү да белгисиз. Мындай учурлар өтө сейрек кездешкени үчүн мындай төрөлгөн ымыркайлардын аталышы жок.