Индияда туристтер бар кайык оодарылып, 21 адам каза болду. Кырсык Керала штатында болгон. Кайыкта 40ка жакын адам болгон жана белгисиз себептерден улам чөгө баштаган.
Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, каза болгондордун саны азыр 21ге жетип, 7 адамдын абалы оор. Учурда куткаруу иштери уланууда.
Премьер-министр Нарендро Моди көңүл айтып, каза болгондордун жакындарына 200 миң рупий өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн убадалады.
Каза болгондордун көбү балдар. Алар каникулда эс алып жүрүшкөн.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болгон. Кырсык болгон учурда балдардын ата-энеси...
Астанада автобус кырсыгынан оор жаракат алган кыз тууралуу маалымат жарыяланды. Кыз учурда ооруканада, анын эки буту кесилген. Бул тууралуу Tengrinews.kz...
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...