Индияда туристтер бар кайык оодарылып, 21 адам каза болду. Алардын көбү балдар

Индияда туристтер бар кайык оодарылып, 21 адам каза болду. Кырсык Керала штатында болгон. Кайыкта 40ка жакын адам болгон жана белгисиз себептерден улам чөгө баштаган.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, каза болгондордун саны азыр 21ге жетип, 7 адамдын абалы оор. Учурда куткаруу иштери уланууда.

Премьер-министр Нарендро Моди көңүл айтып, каза болгондордун жакындарына 200 миң рупий өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн убадалады.

Каза болгондордун көбү балдар. Алар каникулда эс алып жүрүшкөн.