Кечээ, 22-апрелде Индиянын туристтик Пахалгам шаарында согушкерлер тобунун чабуулунан кеминде 26 адам набыт болду. Бул тууралуу DW маалымат агенттиги жазды.
Бийлик курман болгондордун саны тууралуу так маалымат бере элек. Каза болгондордун көбү туристтер болгон. Ошондой эле бир нече адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Greater Kashmir басылмасынын маалыматына караганда, жоопкерчиликти Индияда террорчу катары таанылган The Resistance Front, TRF тобу алган.