Индияда түгөйлөр өзгөчө нике келишимин түзүштү (видео)

Индиянын Ассам штатында түгөйлөр баш кошуу алдында өзгөчө нике келишимин түзүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Минту жана Шанти аттуу түгөйлөр кыздын алдын ала түзгөн келишимине кол коюшкан. Анда кечелерге, саякатка жалгыз барбоо керектиги жазылган. Ошондой эле ар 15 күндө дүкөнгө барып туруусу керектиги, ар кандай отуруш, оюн-зооктордо, кечелерде бири-бирине кооз сүрөттөрдү тартып берүү жана ар жекшемби күнү эртең менен өзгөчө даамдарды жасап, өзгөчө тамактануу шарты коюлган. Эки жаштын нике келишимине күбө болгон жакындары да кол коюшкан.

Маалыматка ылайык, Индияда нике келишимин түзүү мыйзамда жок. Бирок айрым бай турмушта жашаган үй-бүлөлөр келишим түзүп келишет. Муну келечекте түгөйлөр ажырашып кетчү болсо, келин эмнеге ээлик кыларын билүү үчүн түзүшөт.