Индиянын батышында жүргүнчү учагы кыйрады. News18 жазгандай учакта 232 жүргүнчү, экипаждын 12 мүчөсү болгон. ANI басылмасы 242 киши болгонун жазып жатат. Алар Лондонго учушу керек болчу.
Учак асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй Ахмедабад аэропортуна жакын жерге кулап түшкөн. Кырсык болгон жерден коюу түтүн көтөрүлүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак Меганинагар аймагына жакын жерде кулаган.
Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу учурда маалымат бериле элек.