Индияда Air India авиакомпаниясынын Boeing 787-8 Dreamliner учагынын кыйрашынан 30 адам каза болду. Бул тууралуу News18 басылмасы билдирди.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жарандык авиация министри Раммохан Найду менен окуянын чоо-жайын талкуулаганы кабарланууда. Учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй Ахмедабад аэропортуна жакын жерде кулаган. Учакта 242 адам, анын ичинде экипаждын 10 мүчөсү болгон.