Индияда ураган тоннель. Жумушчулар 17 күндөн кийин жер үстүнө чыгарылды (видео)

Индиялык куткаруучулар өлкөнүн түндүгүндөгү Уттаракханд штатында ураган туннелдин урандыларынын астында калган 41 жумушчуну жер үстүнө чыгарышты. Жумушчулар урандылардын астында 17 күндөн ашык болушкан.

«Силкьяра туннели урап калган. 41 жумушчу ийгиликтүү куткарылганы мени абдан жеңилдетти. Бул акыркы жылдардагы эң маанилүү куткаруу операцияларынын бири болду», — деп айтылат транспорт министринин билдирүүсүндө. 

11-ноябрда Индиянын түндүгүндөгү трассалардын биринде туннель урап, 40ка жакын жумушчу урандылардын астында калган. Кыйроо көптөгөн индус храмдары жайгашкан Уттаркаши шаарынын жанындагы Юттаракханд тоолуу штатында болгон.