Индияда үч баштуу ымыркай төрөлдү (видео)

12-июлда Индиянын Уттар-Прадеш штатында өзгөчө наристе төрөлдү — ымыркайдын үч башы бар. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖКМлар жазып чыгышты. 

Ымыркай жана анын энесинин абалы жакшы. Эне кош бойлуу кезинде кадимкидей жана дени сак кош бойлуулукту өткөргөн. Үч баштуу баланын төрөлүшү ага да күтүлбөгөн жаңылык болгон. Эки кошумча баш анын кадимки башынын арткы бөлүгүнө жабышылган. Ал башта да кадимкидей чач бар. 

Басылма башкача бөбөк тууралуу мындай кабарды угуп, алыскы жана жакынкы аймактан келгендердин аягы үзүлбөй жатканын жазган. Жергиликтүү элдин «бул Кудайдын жерге келгени» деген ишенимди бекем карманып алып, башкаларга да кабарлаганга ашыккан учурлар болгон.