Индиядагы 141 адам каза болгон көпүрөнүн кыйраган учурунун видеосу пайда болду

Индиянын маалымат каражаттарында 30-октябрда Индиянын батышындагы Гуджарат штатында көпүрөнүн урап түшкөнүн көрсөткөн видео тарады. 141 адам кырсыктын курмандыгы болду. Ошол эле учурда каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн – көпүрөдө 500дөн ашуун адам болгон. Көптөгөн жабырлануучулар дайынсыз жоголгондордун тизмесинде.

Кадрларда жарандардын асма көпүрөдө туруп, аны солкулдатып жатканын көрүүгө болот. Ошол маалда көпүрөнүн бир капталындагы кармап турган мамылардан үзүлүп, адамдар Маччу дарыясына түшүп кеткен.

Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы көпүрө мындан 140 жыл мурун курулган. Ал эки жыл бою оңдоого жабылган. Көпүрө 26-октябрда ачылып, 30-октябрда кулаган.