Индиянын Керала штатында өткөн фестивалда Паккатху Шрикуттан аттуу пил элге кол салып, 17 киши жаракат алды.
Пил адамдардын бирин мурду менен көтөрүп, капталга ыргытып салган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылып, абалы оор деп бааланууда. Башка адамдар албууттанган жаныбарды тынчтандырууга аракет кылып жатып жаракат алышкан. Пилди тынчтандырып, аны көзөмөлгө алуу үчүн эки сааттай убакыт кеткен.