Өрттөө кызматы кымбат болуп жатабы? Индиядагы Ганг дарыясынан 30дай адамдын сөөгү табылды (сүрөт)

Индиянын Буксар шаарындагы Ганг дарыясынан коронавирустан каза болгон 30дай адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Округдун администрациясы сөөктөр коңшу мамлекеттен агып келиши мүмкүн деп билдирди. Бирок жергиликтүү тургундар журналисттерге билдиргендей, жээкте жайгашкан айылдардын тургундары сөөктү өрттөө кымбат болгондуктан каза болгондордун сөөктөрүн сууга таштап жатышканын айтышкан. Күбөлөрдүн айтымында, дарыяда жалпысынан 100дөн ашуун сөөк болушу мүмкүн.

«Окуя дүрбөлөңгө алып келди, адамдар инфекциянын жайылышынан коркуп жатышат. Мындан улам, бийлик сууну тазалап баштады. Белгисиз сөөктөрдү каада-салтка ылайык өрттөө чыгымдарын бийлик өз мойнуна алды», — деп жазылат маалыматта.

Индия коронавирус менен ооругандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Өлкөдө COVID-19 оорусун жуктургандардын саны 22,2 миллиондон ашты.