Индиядагы суу ташкынынан 100дөн ашык адам каза болду

Индиянын түндүгүндөгү Уттаракханд штатындагы суу ташкыны 100дөн 150гө чейин кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу ANI агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Дхаулиган дарыясындагы суунун деңгээли мөңгү эригенден кийин көтөрүлүп кеткен. Дарыяда курулуп жаткан электр станциясы бузулган. The Times of India гезити билдиргендей, суу ташкынынан 150 жумушчу каза болушу мүмкүн. Анткени алар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.

Селден жабыркаган аймакка бир нече куткаруу тобу жөнөтүлдү. Бийлик адамдарды эвакуациялап жатат.